«Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо» долбоорунун башкы подрядчысы аныкталды
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги улуттук энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттырууга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашырууну улантууда. Анын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка гидроэлектростанциясын реконструкциялоо долбоорунун башкы подрядчысын тандоо процессин жыйынтыктады. Учурда конкурстун акыркы баскычы аяктап, баалоо иштери жүргүзүлүп, банкка макулдашуу үчүн жөнөтүлдү.
Тендердин жеңүүчүсү объектте негизги курулуш-монтаждоо жана техникалык иш-чараларды аткарат. Реконструкциялоо долбоору «Чакан ГЭС» ААКнын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, жабдууларды жаңылоого, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана станциянын кызмат мөөнөтүн узартууга багытталган.
Комплекстүү чаралар гидротехникалык курулмаларды жаңылоону, генератордук жабдууларды капиталдык модернизациялоону, заманбап башкаруу жана автоматташтыруу системаларын киргизүүнү камтыйт. Бул иштер Лебединовка ГЭСинин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн бир кыйла жогорулатат:
- Орнотулган кубаттуулукту 7,6 МВттан 10,0 МВтка чейин көбөйтүү;
- Электр энергиясын жылдык өндүрүүнү 37,2 млн кВт∙с сааттан 53,5 млн кВт∙с саатка чейин жогорулатуу;
- Гидроэлектростанциянын ишенимдүүлүгүн жакшыртуу.
Эске салсак, 2022-жылдын 14-апрелинде Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР), Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Улуттук энергохолдинг жана «Чакан ГЭС» ААК ортосунда алдын ала келишимге (Меморандумга) кол коюшкан.
