Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу Кочкор районунун аймагында уланууда
Учурда курулуштун 37-40-чакырымындагы аскалуу тилкелерде жардыруу жана бургулоо иштери аяктоо алдында турат. Ал эми 40–44-чакырымда бургулоо жана жардыруу иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү үчүн Бишкек–Торугарт автожолу кеңейтилип, электр зымдары жылдырылды.
Ошондой эле 44–48-чакырымда жердин астыңкы катмары даярдалып, суу түтүктөрүн орнотууу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 70тен ашык атайын техника жана 100 ашуун жумушчу тартылган.
Курулуштун ылдамдыгын арттыруу максатында бургулоо-жардыруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Ошол себептен Балыкчы–Кочкор унаа жолу белгиленген графиктин негизинде жабылып турат.
Жаңы темир жолдун курулушу өлкөнүн транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.
