2024-жылы социалдык контракт 93 миң баланын жана чоңдордун жашоосун жакшыртты
4 март

2024-жылы социалдык контракт 93 миң баланын жана чоңдордун жашоосун жакшыртты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылдын аягына чейин пландалган 23 миң үй-бүлөнүн 22 миң 426сы менен социалдык контракт түзүлгөнүн билдирди.

Бул 97,5% түздү. Бул үй-бүлөлөр тарабынан социалдык контрактын негизинде башталган иш багыттары төмөндөгүлөр болду:

  • 16 696 долбоор же 74,4% – айыл чарбасында (мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөскана чарбасы, канаттуулар чарбасы);
  • 2 807 долбоор же 12,5% – өндүрүш секторунда (тигүү, темир-бетон, жыгач эмерек жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, чакан тегирмендер, биологиялык жер семирткичтер, тамак-аш азыктары (нан бышыруучу, кондитердик азыктар, мөмө-жемиш кургатуу цехтери);
  • 1 361 долбоор же 6,1% – тейлөө чөйрөсүндө (коомдук тамактануу жана таксилер, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, курулуш техникасын ижарага алуу, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор (автомобилдерди оңдоо, авто жуумай, вулканизация), мончо, массаж, бала бакчалар, авиакассалар);
  • 1 562 долбоор же 7,0% – чекене соодада (азык-түлүк дүкөндөрү, чекене соода (кийим-кече, кеңсе буюмдары, онлайн сатуу).

Социалдык контракт долбоорун ишке ашырууда катышуучулардын 20 904үн (92,6%) негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү.

Министрлик социалдык контракттын катышуучулары тарабынан 23 миңден ашык кошумча жумуш орундары түзүлгөнүн тактады.

Ишкердик менен алектенип, туруктуу киреше алуу 93 миңден ашык адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Ошол эле учурда былтыр каржыланган 22 миң 426 үй-бүлөнүн 11и же 0,05%ы гана ар кандай себептер менен социалдык контрактты аткара албай калганын Эмгек министрлиги белгиледи.