2025-жылы Жол фондуна 7,5-8 млрд сом өлчөмүндө каражат топтоо пландалууда
4 март

2025-жылы Жол фондуна 7,5-8 млрд сом өлчөмүндө каражат топтоо пландалууда

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кезектеги жыйынында "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап, жактырды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев маалымат берди. 

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну караган укуктук ченемдерди мыйзам менен бекитүү болуп саналат.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр Жол фондунун ишинин ачыктыгын камсыздоого, каражаттарды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, күтүүгө, оңдоого жана реконструкциялоого гана чыгымдоого багытталган. 

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу суроо салды.

Ага баяндамачы мыйзам долбоору менен фонддун катчылыгын күтүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, илимий-техникалык изилдөөлөр боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башка мамлекеттик органдар менен бирдей жабуу сунушталууда деп жооп берди.

"Мындай жол менен каражат максаттуу пайдаланылат", - деди Бекназар Базаралиев.

Депутат Исхак Масалиев Жол фондунун атайын уюшулгандыгын белгилеп, бул нормага макул болгон жок.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев жол фондун каржылоо булактары тууралуу сурады.

Депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорун колдоп, фонддун каражаттары кандай жол менен топтолуп жатканын тактады.

Бекназар Базаралиев Жол фондунун каражаттары республикалык бюджетке топтолуп, фондго жумшалып жатканын айтты.

Депутат Бактыбек Сыдыков жол фондунан түшкөн акча тууралуу маселени көтөрдү.

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, 2024-жылы фондго 5 млрд 33 млн сом түшсө, быйыл 7,5-8 млрд сом өлчөмүндө каражат топтоо пландалууда.

Депутат Бахридин Шабазовдун Жол фондунун пайдаланылбаган каражаттары тууралуу суроосуна баяндамачы бүгүнкү күндө фонддун эсебинде 246 млн сом бар экенин белгиледи.

Депутаттар Бахридин Шабазов, Элдар Абакиров жолдорду куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды өз убагында сатып алуу зарылдыгын белгилешти.

Депутат Талант Мамытов Жол фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көңүл бурду. 

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.