Кыргызстанда мунай сатуучу ишканалардан түшкөн салыктык төлөмдөр 10 млрд сомго көбөйгөн
Мамлекеттик салык кызматында жетекчиликтин, күйүүчү майды маркалоо оператору «Учкун» ААКтын өкүлдөрү жана күйүүчү майды маркалоо технологиясынын укук ээси, Сингапурдун «Nanolumi Pte Ltd» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бензинди жана дизель майын милдеттүү маркалоо долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары, ошондой эле системаны мындан ары өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 587 токтомунун негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылууда. Маркалоо оператору болуп «Nanolumi Pte Ltd» компаниясынын технологиясын колдонуу менен «Учкун» ААК аныкталган.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Учкун» ААК тарабынан бензин жана дизель майы маркаланган. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 30,7 пайызга көп. Мындан тышкары, 2025-жылы мунай сатуучу ишканалардан түшкөн салыктык төлөмдөр 2024-жылга салыштырмалуу 10 млрд сомго көбөйгөн.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү максатында салык органдары тарабынан 2025-жылы күйүүчү майдын маркалангандыгын текшерүү боюнча 95 миң 85 текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйындын соңунда долбоорду мындан ары өнүктүрүү, технологиялык процесстерди өркүндөтүү жана күйүүчү майдын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөдө бензинди жана дизель майын милдеттүү маркалоо киргизилген.
