Күрп-Сай ГЭСде күз-кыш мезгилине даярдык иштер уланууда
Энергетика министрлигинин өлкөдөгү электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Күрп-Сай ГЭС — «Электр станциялар» ААКнын филиалы алдыдагы күз-кыш мезгилинде карата даярдык ишетрин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүдө.
Жыл башынан бери 40тан ашык жабдууга оңдоо иштери аткарылды. Алардын ичинен эң негизгилери:
- «Кристалл», «Датка» жана «Городок» подстанцияларындагы өчүргүчтөрдү техникалык тейлөө;
- АТ-2 автотрансформаторуна учурдагы оңдоо иштери;
- 110 жана 220 кВ кошулууларын оңдоо;
- гидрогенераторлорго, трансформаторлорго жана өчүргүчтөргө учурдагы оңдоолор.
Жогорку жүктөм мезгилинде жабдуулардын коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык оңдоо иштер графикти бузбастан аткарылып, бүгүнкү күндө эле станциянын күз-кыш мезгилине жогорку даярдык деңгээли тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
2025-жылдын август айына карата:
- пландагы иштердин 70 пайыздан ашыгы аткарылды;
- калган иш-чаралар белгиленген мөөнөттө аяктайт.
«Электр станциялар» ААКнын филиалы – Күрп-Сай ГЭС ишенимдүү жана коопсуз инфраструктура менен күз-кыш мезгилин тосууга даяр экендигин тастыктайт жана регион тургундарын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууну улантат.
