2025-жылдын жети айында 109 миң м³ карантиндик объект жана продукция зыянсыздандырылды
2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча карантинге алынган объекттер жана продукциялар 109 773 м³ көлөмүндө зыянсыздандырылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантинге алынган объекттерди газациялоо жана дегазациялоо иштерин уюштуруп келет.
2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча аймактык башкармалыктар тарабынан газдык жана аэрозолдук ыкма менен жыгач таралар, бекитүүчү материалдар, кургатылган мөмө-жемиштер, дан жана буурчак эгиндери, көчөттөр, кампа жайлары жана үрөн чарбалары жалпы 109 773 м³ көлөмүндө зыянсыздандырылды.
Анын ичинен:
- Көчөттөр жана кампа жайлары – 80 304 м³
- Таңгактай турган материалдар, кургатылган мөмө-жемиштер, дан жана буурчактар ж.б. – 29 472 м³
