Маматалиев: Маморгандардан колдоо таппаган инвесторлор өздөрүнө “крыша” издейт
22 январь

Маматалиев: Маморгандардан колдоо таппаган инвесторлор өздөрүнө “крыша” издейт

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагына күн панелдерин орнотуу менен алектенгиси келген инвесторлор бир катар кыйынчылыктарга кабылып жатканын айтты. 

Ал белгилегендей, бул кыйынчылык документтерди каттоого байланыштуу. 

“Инвесторлор канча жылдан бери  жер тилкелерин трансформациялоого байланышкан маселени менен күрөшүп келишет. Азыр сиздер бул процедураларды жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатыпсыздар, анын ичинде алардан электр энергиясын сатып алуу боюнча маселе да барбы?” – деди депутат. 

Белгилей кетсек, парламентте “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. 

Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков аталган мыйзам долбоорунда бир катар процедураларды жөнөкөйлөштүрүү каралып жатканын билдирди. 

“Мамлекеттик органдар тарабынан колдоо таппаган инсевторлор процессти тездетүү үчүн “крыша” издеп башташат. Башка жактан колдоо издетип отурбай, аларга дароо эле жардам берүүгө болбойбу”, – деди анда депутат.