Бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу башталды
13 август

Бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу башталды

Кыргызстандын аймагында бодо малды жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окутуу программасы старт алды. Азыркы тапта Чүй облусундагы техник-уруктандыруучулар үчүн үч күндүк семинар өтүп жатат. 

Окутуунун алкагында катышуучулар жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары, малды көбөйтүүнүн заманбап методдору, асылдандыруунун негиздери боюнча терең теориялык билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болууда.

Бул иш-чара Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана малдын асыл тукум сапатын жакшыртуу максатында уюштурулууда. Семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Эскерте кетсек, бир ай мурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча сатып алынган бодо малды жасалма уруктандыруучу 160 жабдык-шаймандарынын 18 даанасын Чүй облусунун техник-уруктандыруучуларына тапшырган. 

Белгилесек, жасалма уруктандыруу:

  • тукум сапатын жакшыртат;
  • өндүрүмдүүлүктү жогорулатат;
  • чыгымды азайтып, кирешени көбөйтөт;
  • жугуштуу оорулардан сактайт;
  • тукумсуздукту алдын алат.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары бул тармак туруктуу өсүүдө жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь–май айларында ички дүң продукция 573,1 млрд сомду түзүп, 12,3 %га өстү. Айыл чарба өндүрүшү 82,3 млрд сом болуп, анын ичинен мал чарбасынын өсүү темпи 103 % түзгөн.