Бир нече ири компаниялар Кыргызстанга жылуулук электр станцияларын курууга кызыктар
22 январь

Бир нече ири компаниялар Кыргызстанга жылуулук электр станцияларын курууга кызыктар

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги Константин Пановко жана Александр Онг менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөнүн энергетика системасынын акыркы 2-3 жылдагы өнүгүүгө карата жасалган иштери, долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу айтып берди.

Аны менен катар министр Консорциумдун жетекчилигине Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө Консорциумдун жетекчилиги эл аралык стандарттарга ылайык таза көмүр технологиясын колдонуу менен ар бири 350 МВт жалпы кубаттуулугу 1050 МВт болгон үч ЖЭСти куруу, каржылоо ниети бар экенин билдирди. Алар ушундай эле жылуулук электр станцияларын куруу боюнча тажрыйбасы бар экенин маалымдады.

Айтымында жаңы технологияларды колдонуу менен көмүрдүн ишенимдүү, таза жана үзгүлтүксүз энергия өндүрө аларын көрсөтүүнү көздөйт. Бул үчүн адистер кендерди жана көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде күлдүүлүгүн, нымдуулугун, учуучу заттардын, күкүрттүн жана фосфордун курамын, калориялуулугун изилдеп чыгышы керектигин билдирди.

Министр долбоорду ишке ашыруу үчүн Консорциумдун адистеринин тобун Кыргызстанга зарыл болгон бардык маалыматтарды изилдөө иштерин жүргүзүүгө чакырып, Министрлик тарабынан зарыл болгон колдоолорду көрсөтөөрүн айтып өттү.