Соода-өнөр жай палатасында Электрондук сооданы өнүктүрүү комитети түзүлдү
Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун жыйынында Электрондук сооданы өнүктүрүү комитетин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жаңы орган тармактагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечимдерди табуу үчүн аянтча болуп калат, ошондой эле санариптик коммерцияны илгерилетип, рыноктун алдыңкы катышуучуларын бириктирет.
Президиум Кыргыз Республикасынын Чек арадагы электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти, «Кыргыз почтасы» ААК башкы директорунун кеңешчиси Марсель Салахуновду Комитеттин төрагасы кылып дайындады.
Марсель Салахуновдун электрондук коммерция жана логистика тармагында чоң тажрыйбасы бар, ошондой эле Кыргызстандын Эл аралык университетинде юридикалык билим алган. Анын дайындалышы өлкөнүн санариптик коммерция тармагындагы позициясын бекемдөөгө жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган.
