Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери 13-ноябрда Манас шаарындагы бир катар соода жайларына барып, эттин баасын текшерүүгө алды.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, кыдыруу учурунда эттин баасын кескин кымбат саткан соода жайларынын ээлерине эскертүү берилип, айып пулдар салынды.
Соода объекттеринде эттин баасы 680 сомдон 700 сомго чейин сатылуусу керектиги эскертилди.
Бул чаралар эттин баасынын кымбаттоосун токтотуу жана калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында колго алынууда. Көзөмөлдөө аракеттери облустун бардык аймактарында күчөтүлөт.
