Кыргызстанда январда 571 турак жай пайдаланууга берилди
Үстүбүздөгү жылдын январында жалпы аянты 76,3 миң чарчы метрди түзгөн 571 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 99,3% түзөт. Бул тууралуу "Караван Инфого" Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
2025-жылдын январында жеке турак жайларды курууга 2,1 млр. сом (баалоо боюнча) инвестиция салынган, көрсөткүч 2024-жылдын январына салыштырмалуу 1,1%га көп.
Инвестициялардын жалпы көлөмүндө жеке турак жай курулушуна сарпталган каражаттардын үлүшү 44,8%ды (2024-жылдын январында 61,3%) түздү.
Пайдаланууга берилген жеке турак жайдын негизги үлүшү (жалпы көлөмдүн 76%) Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарына жана Бишкек шаарына туура келген.
Айыл жергесинде 43 миң чарчы метрге жакын турак жай пайдаланууга берилген.
