Элчи Максат Мамытканов Азербайжандын Айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолукту
2025-жылдын 18-октябрында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба тармагындагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда агрокамсыздандыруу, суу чарбасындагы ирригация, агропарктар менен логистикалык борборлорду түзүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү маселелери каралды.
Азербайжандын агрардык секторду модернизациялоо, суу ресурстарын башкарууну санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы кыргыз тарап үчүн кызыгуу жаратары белгиленди. Өз кезегинде, кыргыз тарап экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен долбоорлорго даяр экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында, тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, так демилгелерди ишке ашырууга жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу байланышты чыңдоого кызыктар экендигин билдиришти.
