Кувейттик тарапка Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорго инвестиция салуу сунушталды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-февралда Кувейттин Инвестициялык агенттигинин Башкаруучу директору шейх Сауд Салим Абдулазиз Аль-Сабах менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Анын жүрүшүндө Ж. Кулубаев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлор менен өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барылып жатканын белгиледи.
Бул жаатта кувейттик тарапка Кыргызстандагы келечектүү секторлорго, анын ичинде “жашыл экономика”, гидроэнергетика, транспорт, туризм жана логистика тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү сунушталды.
Талкуунун жүрүшүндө министр ЖКулубаев Кувейттин Инвестициялык агенттигинин Башкаруучу директорун 2025-жылдын июнь айынын аягында – июль айынын башында Кыргызстанда өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Өз кезегинде, Кувейттин Инвестициялык агенттигинин Башкаруучу директору шейх Сауд Салим Аль-Сабах чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин жогору баалады. Бул өнүттөн алып караганда, ал Кыргызстан сунуштаган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө жана аларды ишке ашырууга активдүү катышууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция, соода, логистика жана туризм тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашты.
