Кыргызстан картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн
21 октябрь

Кыргызстан картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жана “Кыргыз Республикасынын картошка өстүрүүчүлөрүнүн кластери” ассоциациясынын өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан картошканы импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда.

Мындай чаранын зарылдыгы - картошка импортунун көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу, бул ички рынокто  баанын төмөндөшүнө жана ата мекендик өндүрүучүлөрдүн  зыян тартып калышына алып келиши мүмкүн. 

Министрлик тарабынан бул багытта жергиликтүү дыйкандардын кызыкчылыктарын коргоо жана ички рынокто картошканын баасын турукташтыруу максатында тиешелүү чараларды көрүү каралууда.