Ошто эттин баасын 20-30 сомго арзандатуу сунушталды
20 февраль

Ошто эттин баасын 20-30 сомго арзандатуу сунушталды

Ош шаарынын мэриясында шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатуу боюнча жыйын өттү, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы. 

Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Мурат Иманкулов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматкерлери жана Ош шаарындагы эт сатуучу жайлардын ээлери катышты.

Мурат Иманкулов этке болгон бааны көтөрүлүшү жарандарга оордук алып келээрин айтып, 20-30 сомго арзандатууну сунуштады.

Жыйында касапчылар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын ой-пикирлери угулуп, этке болгон баа малдын эти 630 сомго чейин, ал эми кой этин 640 сомго чейин гана сатылуусу белгиленди.