Кореялык компания Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт
20 февраль

Кореялык компания Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Кореянын «DK Consultants Co. Ltd.» компаниясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Меморандум эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана:

  • өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана жалпы кызыкчылыктарга жетишүү үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүү формаларын изилдөө;
  • инвестицияларды тартууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;
  • фармацевтика тармагын өнүктүрүү;
  • маалымат алмашуу жана зарыл маалыматтарды берүү;
  • өз ара макулдашылган шарттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
  • долбоорлорду илгерилетүү жана талкуулоо максатында жумушчу жолугушууларды, консультацияларды жана жумушчу топторду уюштуруу багыттарын камтыйт.

Меморандумдун алкагында Кыргызстандын фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Бул кадам өлкөнүн фармацевтика тармагын чыңдоонун маанилүү этабы болуп, заманбап технологияларды киргизүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.