КР ТИМдин делегациясы Люксембургда өткөн жогорку деңгээлдеги министрлердин жолугушуусуна катышты
2025-ж. 20-октябрында Люксембург шаарында «Өз ара аймактык байланыштуулукту өнүктүрүү күн тартибин илгерилетүү» темасында жогорку деңгээлдеги министрлик жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Европа Бирлигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү / Еврокомиссиянын вице-президенти Кая Каллас, Еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа Бирлигине мүчө 27 мамлекеттин, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн, Азербайжан, Армения, Түркия, Молдова жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жетектеп келди.
Өз сөзүндө М.Абакиров Европа Бирлиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара сый-урматка жана кызыкчылыктарды эске алууга негизделген ишенимдүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанисин белгиледи. Ал 2024-ж. кол коюлган Кыргызстан менен Европа Бирлигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу Келишиминин маанилүүлүгүн белгилеп, анын ратификация процесси боюнча колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
М.Абакиров кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына транспорт жана энергетикалык байланыштуулукту өнүктүрүү, санариптештирүү, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана жарандык авиация тармагындагы реформаларды киргизди. Ошондой эле ал маанилүү чийки зат ресурстары жана «жашыл» энергетика жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Кыргыз тарап эл аралык милдеттемелерин аткарууга жана санкциялык саясат маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө болгон даярдыгын дагы бир ирет тастыктап, Европа Бирлиги менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу диалогду улантуунун маанисин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында М.Абакиров Европа Бирлигинин жогорку өкүлү Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Келишимди ратификациялоо, Камбар ата ГЭС-1ди куруу боюнча кол коюлган меморандумдардын практикалык жүзөгө ашырылышы, суу жана транспорт тармактарындагы реформалар, саясий диалогду бекемдөө жана аймактык коопсуздуктун туруктуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап Европа Бирлигине өлкөнүн социалдык-экономикалык реформаларын жана туруктуу өнүгүүсүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара ишеним жана сый-урмат рухундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Португалиянын, Хорватиянын, Чехиянын, Финляндиянын, Словакиянын, Кипрдин, Мажарстан жана Люксембургдун тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар да орун алган.
