Кыргызстандын топтомо пенсиялык фонду 15 млрд сомдон ашык инвестиция салды
10 сентябрь

Кыргызстандын топтомо пенсиялык фонду 15 млрд сомдон ашык инвестиция салды

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

Социалдык фонд 2026-жылдын январь-август айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,86-16,0% чегиндеги жылдык кирешелүүлүгү менен 11 489,4 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 3 571,6 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3% чегинде болгон.

Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 15 061,0 млн.сом инвестицияланган.

2026-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 352,7 млн.сом;

• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 501,8 млн.сом;

• ААКтардын акциялары боюнча дивиденддер – 185,9 млн.сом;

• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 13,2 млн.сом.

Бардыгы болуп 2026-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 053,6 млн.сом киреше алынган.