Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
10 сентябрь

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда

Кыргызстан боюнча 2026-жылы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык улантылууда.

Дан эгиндери боюнча республикада жалпы 467,5 миң гектар аянт оруп-жыйналды. Бул белгиленген пландын 75,6 пайызын түзөт.

Орточо түшүмдүүлүк 27,6 центнерди гектарынан түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 центнерге жогору болду. Ал эми дүң түшүм 1 млн 376,6 миң тоннага жетип, былтыркы көрсөткүчтөн 189,7 миң тоннага көп жыйналды.

Анын ичинен:

буудай – 237,7 миң гектар аянт жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 30,1 ц/га, дүң түшүм 761,3 миң тоннаны түздү;

арпа – 212,6 миң гектар аянт жыйналды. Түшүмдүүлүк 25,1 ц/га болуп, дүң түшүм 574,5 миң тоннага жетти.

Жашылча жана картошка боюнча да түшүм жыйноо иштери жүрүп жатат.

Республика боюнча 30,7 миң гектар аянттан жашылча жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 173 ц/га түздү. Жалпы жыйым 444,1 миң тонна болду.

Ал эми картошка 22,8 миң гектар аянттан казылып, 276,5 миң тонна түшүм топтолду. Орточо түшүмдүүлүк 162 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 10 ц/га жогорулады.

Облустар боюнча:

Дан эгиндерин оруп-жыйноо көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда. Облуста 223,1 миң гектар дан эгиндери жыйналып, дүң түшүм 696 миң тоннаны түздү.

Ош облусунда 211,4 миң тонна, Жалал-Абад облусунда 141,6 миң тонна дан эгиндери жыйналды.

Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык улантылууда.