Бишкекте Кыргыз-Кытай товардык көргөзмөсү ачылды
Бишкек шаарында бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товардык көргөзмөсү – 2026 расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.
Иш-чарага Кытай Эл Республикасынан 100дөн ашуун компаниянын өкүлдөрү катышууда.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Жамалидинович Керимбаев, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, мамлекеттик органдардын, ишкердик бирикмелердин жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен өтүүдө.
Кытай тарап менен өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана КЭРдин компанияларын көргөзмөгө тартууга КР Соода-өнөр жай палатасынын Кытай Эл Республикасындагы, Үрүмчү шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин кеңешчиси Айбек Болотбекович Асанбеков өзгөчө көмөк көрсөттү.
Көргөзмөдө курулуш жана курулуш материалдары, өнөр жай жабдуулары жана технологиялар, энергетика, тоо-кен тармагы, айыл чарба, текстиль жана жеңил өнөр жай, логистика, транспорт жана башка багыттар боюнча кытайлык компаниялар өз продукцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда.
Көргөзмө Кыргызстандын ишкерлери үчүн кытайлык өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө, B2B сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө, жаңы технологиялар жана жабдуулар менен таанышууга, товар жеткирүү шарттарын, инвестициялык кызматташууну жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Көргөзмө 13-сентябрга чейин бардык каалоочулар үчүн ачык.
