Turkish Airlines Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр
Стамбулда «Манас» эл аралык аэропорту башкармалыгынын төрагасы Манас Самидиновдун Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экши менен жумушчу жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тарап «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы менен кызматташууга даяр экенин билдирип, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунда техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу каттамдардын санын көбөйтүү ниетин тастыктады.
Билал Экши расмий кайрылууну кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун жогорку маанисин белгилеп, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде, биз аны 2026-жылдын жай айларына пландалган «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланган аэробекет комплексинин ачылыш аземине катышууга чакырдык.
