Садык Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин саясий департаментинин директору менен жолугушту
20 февраль

Садык Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин саясий департаментинин директору менен жолугушту

2025-жылдын 18-февралында Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Саясий департаментинин директору Брис Рокфель менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Айрыкча, экономикалык кызматташууну чыңдоо маселелерине, анын ичинде энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана туризм тармактарындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. 

Элчи Кыргызстан эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө кызыкдар экенин тастыктап, ушул жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө үмүт артарын билдирди. 

Ушуга байланыштуу тараптар ушул жылдын май айында Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул сапар Бишкекте өтө турган кыргыз-француз бизнес форуму менен айкалыштырылмакчы. 

Ошондой эле Кыргызстандын энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармактарындагы министрлеринин Парижге тажрыйба алмашуу максатында иш сапарларын уюштуруу боюнча сүйлөшүлдү.

Кыргыз Республикасына француз инвестицияларын тартуу маселелери да талкууланды. Атап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Үч Чоку” тоо лыжа базасын өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. 

Эл аралык уюмдар алкагында тараптар шайлоо органдарында өз ара колдоо көрсөтүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын Францияда сезондук жумушка орношуу маселеси да талкууланды. Бул жаатта Европанын башка өлкөлөрү менен ийгиликтүү кызматташуунун тажрыйбасы эске алынды. 

Тараптар маданий кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Элчи Францияда өтө турган эл аралык маданий иш-чаралар, анын ичинде “Cinema Heritage” дүйнөлүк кинофестивалы жана жаңы классикалык музыка фестивалы «Patrimoine Musical»  жөнүндө маалымат берди. Француз тарабы маданий жана билим берүү алмашууларын өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. 

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-француз кызматташтыгын чыңдоо үчүн ачык диалогду улантууга жана биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүүгө даяр экенин белгилешти.