Эттин баасы 680-700 сомдон ашпоосу керек — УКМК башчысы
Эттин баасы 680-700 сомдон ашпоосу керек. Баалардын кескин өсүшү байкалса жергиликтүү бийлик органдары түздөн-түз жооп берет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирген.
Төрага акыркы 4-5 күндөн бери эл аралап жүргөндүгүн айтты.
“Элди азык-түлүк жана эт азыктарынын баасынын өсүшү тынчсыздандырууда. Мамлекет бул маселе боюнча тиешелүү чараларды көргөн. Тийиштүү токтом кабыл алынган, анда эт жана тамак-аш азыктарынын баасы көтөрүлбөшү керектиги так көрсөтүлгөн. Бирок, тилекке каршы, бул талап көпчүлүк жерде аткарылбай жатат. Мен бул тууралуу элден угуп, жеринде көрүп келдим. Кээ бир жерлерде эттин баасы 900 сомго чейин чыгып кеткен экен. Ал эми токтомдо 1 килограмм эттин баасы 680–700 сомдон ашпоого тийиш деп көрсөтүлгөн.
Этти дүң баада 450–500 сомдон өткөрүп жатышат. Бирок, ортомчулар бааны эки эсе көтөрүп салууда. Эгер 450 сомдон алып келсе, 550 сомдон сатса да жетиштүү. 1 килограмм этке 50 сом, ашып кетсе 100 сом кошсо болот. Бирок, баанын эки эсеге жогорулашы бул мыйзамсыз көрүнүш. Муну көзөмөлдөшү керек болгон мамлекеттик орган - Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары: акимдер, мэрлер, облус башчылары да бул ишти көзөмөлдөөгө милдеттүү эле. Бирок, тилекке каршы, алар өз милдеттерин так аткарбай коюшкан. Эми мындан ары баанын өсүшүнө жана милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү бийлик органдары жооп беришет. Эгер кайсы жерде эттин баасы 700 сомдон жогору болуп кетсе, ошол жердин акими, мэри же облус башчысы жооп берет” - деди УКМК башчысы.
