Кыргызстандагы бир катар өндүрүшчүлөр эл аралык GLOBAL G.A.P. сертификатын алышты
12 август

Кыргызстандагы бир катар өндүрүшчүлөр эл аралык GLOBAL G.A.P. сертификатын алышты

Дыйкандарга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 6% жылдык үстөк менен жалпы 3,79 млрд сом көлөмүндө жеңилдетилген кредит берилди. Каражат айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, мал чарбасын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө, органикалык дыйканчылыкты колдоого жумшалды. 

Долбоор фермерлерге жеңилдетилген шартта каржылоо мүмкүнчүлүгүн берип, айыл чарба продукциясынын көлөмү менен сапатын жогорулатууда, жаңы жумуш орундарын түзүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууда. 

Кыргызстандагы бир катар өндүрүшчүлөр эл аралык GLOBAL G.A.P. сертификатын алышты. Ал продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин тастыктайт жана экспорт үчүн маанилүү талап болуп саналат. Сертификатты алуу үчүн Португалиядан келген аудиттер үч күн бою талааларда, кампаларда жана өндүрүш процесстеринде текшерүү жүргүзүштү. 

Бул жетишкендик кардарлардын ишенимин арттырып, жаңы рынокторго жол ачууда. Ишти ийгиликтүү улантууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана КАКтын каржылык колдоосу көмөкчү болду. Долбоордун колдоосу менен 6 гектар жерге Альбион сортундагы клубника айдалды. Ал таттуу даамы, ири мөмөсү жана тыгыз түзүлүшү менен айырмаланып, алыскы аралыкка бузулбай ташылат жана экспорт үчүн ылайыктуу. Жогорку түшүмдүүлүгү фермерлер үчүн кирешелүү багыт болуп саналат.