Төрөбаев: 2040-жылга кайра иштетүү продукцияларын өндүрүү көлөмүн 50%га жеткирүү пландалган
16 сентябрь

Төрөбаев: 2040-жылга кайра иштетүү продукцияларын өндүрүү көлөмүн 50%га жеткирүү пландалган

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө” Жарлыгында кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмүн 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан уюштурулган"Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестицияларды тартуу” боюнча форумунда билдирди.

“Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Министрликте иш-чаралар планы кабыл алынып, кайра иштетүү продукцияларын өндүрүү көлөмүн 2025-жылы – 10 %, 2030-жылы – 30 %, 2040-жылы – 50 % жеткирүү пландалган”, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Форумга эл аралык институттардын, элчиликтердин, финансылык институттардын, өнүктүрүү фонддорунун жана банктарынын, Президенттин облустардагы ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн, министрлер менен ведомстволордун башчыларынын, кайра иштетүү ишканаларынын катышуусу менен өтүп жатат.