Ош шаарында “ART EXPO” КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык көргөзмөсү өтүүдө
13 ноябрь

Ош шаарында “ART EXPO” КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин “ART EXPO” Эл аралык көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров катышты.

Көргөзмөнүн алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа, КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү дизайнерлеринин мода көрсөтүүсү, ошондой эле кол өнөр жана сүрөт искусствосунун көргөзмөсү тартууланды.

“ART EXPO” Эл аралык көргөзмөсү – бул КМШга мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерин чагылдырган ири аянтча болуп саналат.

Бул ири эл аралык иш-чара Ош шаарын КМШ мейкиндигиндеги маданий борборлордун бири катары көрсөтүп, улуттук искусствонун жана маданияттын эл аралык деңгээлде таанылышына чоң салым кошууда. Көргөзмө 14-ноябрга чейин уланат.