Салыктык тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү тууралуу
Салык кызматы салыктык тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгууга киришти.
Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов Aisalyk подкастындагы маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, бул система салык төлөөчүлөрдүн маалыматын автоматтык түрдө салыштырып, субъекттин жогорулатылган тобокелдик даражасына кирерин же кирбесин аныктоого мүмкүндүк берет.
"Бул автоматташтыруудан кийин ак ниет ишкерлерге салыктык текшерүүлөр жүргүзүлбөйт", – деп баса белгиледи Азат Алманбетов.
