Адылбек Касымалиев VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ачылыш аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Бул иш-чара Чолпон-Ата шаарында 6-7-августка белгиленген Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында өткөрүлүүдө.
Форумдун программасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жана конокторго жолдогон видеокайрылуулары менен ачылды.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Министрлер Кабинетинин атынан конокторду кыргыз жеринде жылуу тосуп алып, катышуучуларга жемиштүү иш каалады.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзгө ээ экендиги, ошондой эле аларды ар тараптуу чыңдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктуу багыты болуп кала берери тууралуу билдирүүсүн белгиледи.
"Бүгүнкү форум жана аймактар аралык конференция кыргыз-орус кызматташтыгынын системасында татыктуу түрдө өзгөчө орунду ээлейт. Бул жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес, бул жерде конкреттүү чечимдер иштелип чыгып, биргелешкен долбоорлор ишке киргизилип, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн бизнес чөйрөлөрү менен аймактарынын ортосундагы түз байланыштар чыңдалат", — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле өнөр жайды, энергетика тармагын, транспорт жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барууда. Кыргыз тарап россиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Сөз аймактар аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады. Адылбек Касымалиев аймактар ортосундагы түз байланыштар кызматташтыкты практикалык нукка салып, макулдашууларды ишке ашырууну тездетээрин, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери жана жарандары үчүн өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүн белгиледи.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы алдыдагы талкуулар мазмундуу жана практикалык багытта болоруна, ошондой эле алардын жыйынтыктары кыргыз-орус экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого жана соода, инвестициялык, ошондой эле технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
