Тепловизордун жардамы менен: Күрмөнтүдө мыйзамсыз балык уулоо аракети токтотулду
22 январь

Тепловизордун жардамы менен: Күрмөнтүдө мыйзамсыз балык уулоо аракети токтотулду

2026-жылдын 20-январына караган түнү Түп районунда мыйзамсыз балык уулоого аракеттенген эки жаран кармалды. Окуя саат 22:00 чамасында Күрмөнтү айылынын куймасында түнкү кайгуул учурунда катталган.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы Атайын багыттагы полктун жоокерлери менен биргеликте жүргүзгөн рейд маалында шектүүлөр жылуулукту аныктоочу тепловизор жабдыктарынын жардамы менен байкалган. Алар тор салууга жетишкен эмес.

Кармалгандардын бири Түп районунун тургуну, 1987-жылы туулган Д.Т., экинчиси Ак-Суу районунун тургуну, 1986-жылы туулган М.К. экени аныкталды. Алардан 2 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1 даана үйлөнмө кайык табылып, далил зат катары алынган.

Бул факт Түп РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.