Базар-Коргон районундагы мыйзам бузуулар аныкталып, калдыктарды жайгаштыруучу жайлар ирээтке келтирилүүдө
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Базар-Коргон районунун аймагында жайгашкан калдыктарды жайгаштыруучу жайлар (свалкалар) боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана Базар-Коргон шаардык мэриясы менен биргеликте текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 15-августундагы №181 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамынын талаптары толук кандуу сакталбагандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулардын негизинде:
Арстанбап-Ата жана Акман айыл өкмөттөрүндөгү калдыктарды жайгаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгү токтотулуп, жерди кайра калыбына келтирүү (рекультивация) иштери жүргүзүлүүдө;
Калдыктарды жайгаштыруу үчүн жаңы жер тилкелери ажыратылып, тиешелүү юридикалык документтер толукталууда;
Базар-Коргон шаарында жайгашкан калдыктарды жайгаштыруучу жай талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу жазма эскертүү берилип, учурда ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Мыйзам бузуу фактылары боюнча:
- 2024-жылы Акман айыл өкмөтүнө 60 000 сомдук доо коюлуп, 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган;
- 2025-жылы Базар-Коргон шаарына 30 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы аймактардагы калдыктарды туура башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу багытында көзөмөл иш-чараларын мындан ары да улантат.
