Суу алдындагы күрөш: браконьердик торлор тазаланууда
4 сентябрь

Суу алдындагы күрөш: браконьердик торлор тазаланууда

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерлер тарабынан салынган синтетикалык торлорду тазалоо иштери улантылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жана Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун катышуусунда жана жеке жетекчилигинде өткөрүлдү. Бул иштер тиешелүү кызматтар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун №131 Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Тазалоо иштерине суучулдардын салымы өзгөчө маанилүү болду. Алар көлдүн түбүнө чөгүп калган жана толкундардын айынан жээкке чыгып калган эски торлорду, таштандыларды жана башка калдыктарды жыйноого көмөктөштү. Натыйжада биргелешкен эмгектин аркасында жалпы 11 500 чарчы метр синтетикалык тор жана 15 кап таштанды чыгарылып, тазаланды.

Иш-чаранын негизги максаты – Ысык-Көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана браконьерчиликке каршы күрөштү күчөтүү болуп саналат.