Ош-Араван жолунун жээгинде 100 түп арча көчөтү отургузулду
Ош-Араван жолунун жээгинде 100 түп арча көчөтү отургузулду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Ош токой чарбасынын кызматкерлери жана Араван райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын алкагында токой чарба адистери тарабынан көчөттөр тигилип,айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү ишине өз салымын кошту .
