Чолпон-Атада “Пластиксиз Ысык-Көл” аттуу масштабдуу экоакция өтөт
23 май

Чолпон-Атада “Пластиксиз Ысык-Көл” аттуу масштабдуу экоакция өтөт

Чолпон-Ата шаарында 31-майда “Пластиксиз Ысык-Көл” аттуу масштабдуу экологиялык акция өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлайт.

Иш-чарага КР президентинин Ааминистрациясынын өкүлдөрү, ЖӨАБ, экологиялык активисттер, бейөкмөт уюмдар, волонтерлор, бизнестин, соода түйүндөрүнүн, кагаз таңгак чыгаруучу ишканалардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара Ысык-Көлдүн түбүн жана жээктерин желим таштандылардан терең тазалоону камтыйт. Бостери айылындагы соода базарларына жана таштанды сорттоочу цехке баруу.

Министрлик бардык кызыккан адамдарды акцияга катышууга чакырат.