Папан суу сактагычында жана Ак-Буура дарыясы бойлой мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү
20 июль

Папан суу сактагычында жана Ак-Буура дарыясы бойлой мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 18-июль күнү Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, NABU уюмунун “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери менен биргеликте, Папан суу сактагычы жана Ак-Буура дарыясынын боюнда балык корлорун сактоо максатында кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө, Папан суу сактагычында тиешелүү уруксат кагаздары жок жана ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган 8 жаран аныкталды.

Бул жарандарга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык, 1000 сомдон 8000 сомго чейин административдик айып пулдар салынды.