Ысык-Көл облусунда таза жана саркынды суу системаларын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылды
24 ноябрь

Ысык-Көл облусунда таза жана саркынды суу системаларын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылды

Ысык-Көл облусунда таза жана саркынды суу системаларын жакшыртуу боюнча иштер өнөктөштөрдүн колдоосу менен кеңири көлөмдө жүрүп жатат.  

Бул тууралуу бүгүн, 2025-жылдын 24-ноябрында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Торобаев Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында таза суу алуучу жаңы объектти пайдаланууга берүү аземинде билдирди.

Министр өз сөзүндө Ысык-Көл облусунда таза жана саркынды суу системаларын жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 

Дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу облустун 15 айылы таза суу менен камсыздалып, дагы 2 айылда иштер соңуна чыгып жатат;

Дүйнөлүк банк жана башка донорлор каржылаган 200 млн долларлык жаңы долбоорго Ак-Суу районунун 15 айылы кошулуп, алардын сметалык документтери даярдалууда;

Кувейт фондунун 1 млн долларлык колдоосу менен облустун 20 айылына ТЭО даярдоо башталууда;

Республикалык бюджеттен 2025-жылга киргизилген 34 айылдын ичинен 4 айылда курулуш жүрүүдө, калган 30 айыл боюнча долбоорлоо жумуштары уланууда;

ЕБРР каржылаган 22 млн евролук долбоор менен Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында таза суу системалары курулуп, пайдаланууга берилди;

Азия өнүктүрүү банкынын 107 млн долларлык долбоору алкагында Балыкчы шаарындагы иштер толук бүтүп, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында курулуш уланып жатат.

Ирригация боюнча министр төмөнкү иштерди белгиледи:

Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда жалпы көлөмү 512 миң м³ болгон “ГКО-Сигма”, “Шаты”, “Победа”, “Кумбел”, “Тору-Айгыр” суу сактагычтары 40–80% деңгээлде курулууда;

110,9 км канал реконструкцияланып, 38,7 км модернизацияланууда, натыйжада 945 га жаңы сугат жер ишке кирип, 81 136 га аймакта суу менен камсыздоо жакшыртылат;

Жаңы инновациялык ыкма аркылуу каналдардын табанын бетон полотносу менен төшөө иштери жүрүүдө – Жаркымбаев айылында 27 000 м², Көл-Төрдө 4 500 м².

Ирригация тармагына жалпысынан 336 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, объектилер 2025–2026-жылдары пайдаланууга берилет.

Министр Торобаев бардык адистерге жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, таза суу жана ирригация системаларын өнүктүрүү – облустун жана бүт өлкөнүн жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам экенин белгиледи.