Көл жээгине автоунаасы менен кирген айдоочуга чара көрүлдү
8 июль

Көл жээгине автоунаасы менен кирген айдоочуга чара көрүлдү

Жогорудагы видеодо көрсөтүлгөн “Kia K7” үлгүсүндөгү автоунаа көл жээке кирип, автоээнбаштык кылгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан чалуу келип түшкөн.

Натыйжасында жогорудагы “Kia K7” үлгүсүндөгү автоунаа ОШ ШИИБ боюнча МККБнын кызматкерлери тарабынан табылган. Анын кыймыл аракетине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 15 мин сом өлчөмндө айып пул салынып, автоунаасы айып короого токтотулду.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери бардык жарандарды жаратылышты урматтоого жана айлана-чөйрөнү келечек муундар үчүн сактап калуу үчүн белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.