Кыргызстан менен ФАО айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттерди талкуулады
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү О. Гучгельдыев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Тараптар министрлик менен ФАОнун 2025-жылдагы биргелешкен иш аракеттеринин жыйынтыктарын талкуулап, 2026-жылга карата коюлган пландарды макулдашышты.
Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары – тоо жана климаттык күн тартиби, токойлорду калыбына келтирүү жана туруктуу жаратылышты башкаруу болуп аныкталды.
