Нарын дарыясынын жээгиндеги аллеяга ак кайыңдар тигилди
26 март

Нарын дарыясынын жээгиндеги аллеяга ак кайыңдар тигилди

Нарын дарыясынын жээгине салынган "Жээк" аллеясына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Көчөт отургузуу иш-чарасына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана MSDSP KG коомдук фондунун өкүлдөрү, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жамааты катышышты.