Түлеевдин долбоору: бак-дарактар кыйылып, фонтандар жок кылынабы? Мэр жооп берди
21 январь

Түлеевдин долбоору: бак-дарактар кыйылып, фонтандар жок кылынабы? Мэр жооп берди

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык долбоор тууралуу учурдагы мэр Айбек Жунушалиев түшүндүрмө берди.

Мэр “Кабар” маалымат агенттигинин подкастында курулуштун жан-жакасындагы бак-дарактар кыйылып, фонтандар жок кылынат деген кептерге жооп берип жатып, так бааны курулуш аяктагандан кийин берүү туура болоорун белгиледи.

“Курулуш ээси өзү деле айтып жатпайбы, “күтө тургула, куруп бүтөйүн, анан айткыла” деп. Бак-дарактар кыйылганы менен анын ордуна жаңы бактар тигилсе жакшы эмеспи. Азыр долбоор ээси тегерек-четке “большемер” деп койчу, өсүп, 4-5 метрге жетип калган бактарды тигип жатат. Ошондой ыкмаларды колдонуп, ал жерди коомдук жайга айлантсак болот. Курулуш бүтүш керек, андан соң баа беребиз”, – деди мэр.

Ошондой эле Жунушалиев кайсы маселеде болбосун чиновниктер элдин үнүн уга тургунан белгиледи.

“Бизден да кемчилик кетет, аны моюнга алыш керек. Жакшы ой, жакшы максат менен айрым учурда 4-5 ишти бир алып баратканда, бир жеринен кемчилик кетип калат. Бирок кемчиликти жоюуга чечкиндүүлүк керек. Мисалы, ошол эле ЦУМдун алдындагы долбоордо 3-кабаттын курулганы туура болбой калды деп эл айтты эле, биз да туура көрүп, талаптарды коюп, 3-кабат азыр алынып жатат. Бирок сын-пикирлердин айрымына ынанып койсоң, сын айтууда аша чаап кеткендер да болот. Курулуш оңой тармак эмес”, – деди ал.