Бишкек шаары жана Аламүдүн районунда мыйзамсыз таштанды төгүүгө каршы чаралар көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 2025-жылдын 20-ноябрында жарандардын кайрылуусунун негизинде Сарбан айылынын өйдө тарабында мыйзамсыз таштанды таштоо жана өрттөө боюнча түшкөн маалыматты текшерүүгө чыгышты.
Окуя болгон жерге баруу менен инспекторлор таштандыны мыйзамсыз төккөн жаранды аныктап, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесине ылайык 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салышты.
Таштандылар төгүлгөн аймак “Элита” ишканасынын жанында жайгашкандыктан, инспекторлор таштандыны чогултуп, аймакты тазалоо иштерин уюштурушту. Мындан тышкары, мыйзамсыз таштанды төгүү фактыларын алдын алуу максатында тиешелүү жерлерге “Таштанды таштоого тыюу салынат” деген эскертүү белгилери орнотулду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана мыйзамсыз таштанды төгүү фактыларынын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди уланта берерин маалымдайт.
