Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кара топурак казууга жана аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы
24 ноябрь

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кара топурак казууга жана аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы

2025-жылдын 22-ноябрында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кочкор-Ата токой чарбасынын Кароол-Дөбө коктусунда ыкчам рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Бүргөндү Достук айыл өкмөтүнүн тургуну А. уулу Р. аттуу жаран өзүнө таандык портер үлгүсүндөгү автоунаасына Кароол-Дөбө коктусунан кара топурак жүктөп жаткандыгы аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине ылайык 3 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындан тышкары, Ноокен районунун тургуну Ө.Д. аттуу жаран Майлуу-Суу шаарынын үстү тарабында аңчылык кылып жүргөндүгү аныкталды. Текшерүү учурунда анын аңчылыкка уруксат берүүчү бардык мыйзамдуу документтери бар экени такталып, жаранга экологиялык жана коопсуздук талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана жаратылыш ресурстарын коргоо багытында рейддик иш-чараларды мындан ары да уланта берерин маалымдайт.