Талас облусунда мыйзамсыз балык уулоого жана кум-шагыл казууга каршы рейддик иш-чаралардин жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, Министрликтин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 19-ноябрында Талас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагынчында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө синтетикалык тор колдонуу менен мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталган жок. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз балык уулоонун жоопкерчилиги жана экологиялык эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 16-ноябрында Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталды. Бул факты боюнча М.Б.Р. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнүн талабына ылайык протокол түзүлүп, 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузуу учурларын алдын алуу жана табигый ресурстарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз улантарын билдирет.
