Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин Бишкек декларациясы кабыл алынды
31 июль

Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин Бишкек декларациясы кабыл алынды

30-31-июль күндөрү Бишкек шаарында Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин (AAWC) VIII жыйыны өтүп, анда суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү маселелер каралды. 

Жыйындын катышуучулары суу ресурстарын туруктуу башкаруу, климаттын өзгөрүшү, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана аталган тармакты санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Муну менен катар жаңы мүчөлөрдү шайлоо, 2025-жылга карата бюджетти бекитүү сыяктуу кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан уюштуруу маселелери тууралуу кеп болду. Ошондой эле AAWCге мүчө өлкөлөрдүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттор, суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлор каралып, талкууга алынды. Мындан тышкары Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин IX жыйынынын күн тартиби бекитилип, VIII жыйындын жыйынтыгы менен Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Эске салсак, Бишкек шаарында өтүп жаткан Суу ресурстары боюнча Азия парламенттер аралык консультативдик кеңешинин (AAWC) VIII жыйынына жана Климат жана суу маселелери боюнча II тегерек столдун ишине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Корея, Непал, Малайзия жана Шри-Ланканын парламенттеринин депутаттары, тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.