
Муниципалдык инспекция башаламан таштанды жайларын жоюуда
Бишкекте ушул жылдын башынан бери 100дөн ашык адам белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап жаткандыгы аныкталды. Жеке сектордун тургундары үй-тиричилик таштандыларды чыгаруу графигин сактабастан, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузушууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы башаламан таштанды жайларында тынымсыз күзөт жүргүзүүдө. Рейд учурунда укук бузуучулар дароо жоопко тартылып, ошондой эле видеобайкоо камераларынын жазууларынан кийин дагы жоопко тартылууда.
Үй-тиричилик таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана үйүп салуу үчүн физикалык жактарга 104 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 572 000 сомду түздү. Юридикалык жактарга болсо 90 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 530 000 сомду түздү.
Ошондой эле курулуш, тигүү жана башка калдыктарды таштоо боюнча 150 протокол түзүлүп, суммасы 2 318 500 сом болду.