Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында ишке кирет
Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы маалымдалды.
Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, бүтүндөй Борбор Азия аймагында ишкананын аналогу жок.
Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт•саат электроэнергия болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.
Президент Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи.
т аналогов во всём Центрально-Азиатском регионе. Завод будет перерабатывать 1 тысячу тонн отходов в сутки, а его мощность составит 30 МВт•ч. электроэнергии. В дальнейшем планируется увеличение перерабатываемого объёма до 3 тысяч тонн в сутки.
Президент Садыр Жапаров подчеркнул необходимость строгого соблюдения сроков строительства, качества выполняемых работ и требований экологической безопасности, отметив, что реализация данного проекта станет важным шагом на пути к устойчивому развитию столицы и улучшению экологической ситуации в городе.
