Ош облусунда уруксатсыз кум-шагыл казуу жана мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды
2025-жылдын 15-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы мыйзам бузуу фактылары боюнча бир катар ыкчам иш-чараларды өткөрдү.
Кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казуу фактылары
Кызыл-Суу дарыясы, Кара-Суу району, Ынтымак айыл өкмөтү: уруксат кагазы жок кум-шагыл аралашмасын казып жаткан жаранга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 243-беренесинин 4-пунктуна ылайык 13 000 (он үч миң) сом административдик айып салынды.
Куршаб дарыясы: ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Кара-Суу районунун Ак-Терек айылынын тургуну А.Н.Т. аттуу жаран тийиштүү уруксатсыз атайын техника менен шагыл казып жатканы аныкталып, ошол эле берененин негизинде 13 000 (он үч миң) сом административдик айып салынды.
Мыйзамсыз балык уулоо
Ошондой эле Куршаб дарыясында ышкыбоздук балык уулоо эрежесин бузган эки жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бири үчүн 1 000 – 2 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
18 см чейинки 12 баш маринка балыгын кармагандыгы үчүн жалпы 6 060 сом өлчөмүндө экологиялык доо коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы чараларды мындан ары да уланта берерин, ошондой эле жарандарды жана чарбалык субъекттерди табигый ресурстарды пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырарын белгилейт.
