Кыргызстан француз парламентарийлерине тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча демилгелерин тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова «Франция – Борбор Азия» достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё баштаган Франциянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда Динара Кемелова Кыргызстан менен Францияны тоо экосистемаларынын болуусу жана көйгөйлөрдүн окшоштугу бириктирерин белгилеп, Кыргызстандын негизги тоолуу аймактарга багытталган демилгелерин тааныштырды.
Алардын катарында тоолуу өлкөлөрдүн коалициясын түзүү, тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн каржылык механизмдерди өнүктүрүү, ошондой эле тоолуу аймактарда өндүрүлгөн продукцияны бренддөө демилгелери белгиленди.
Мөңгүлөрдүн эриши жана анын Борбордук Азия үчүн кесепеттерине, ошондой эле тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды колдоого, анын ичинде экотуризмди илгерилетүү жана геопарктарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
Тараптар тоолуу региондордун климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу жана эл аралык климаттык процесстерге, тоо күн тартибин кыйла активдүү интеграциялоо, ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын алкагында күч-аракеттерди бириктирүү ниетин билдиришти.
Француз тарап Тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесине, анын ичинде ага Франциянын тоолуу шаарлары менен муниципалитеттеринин катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдиришти жана бул багыттагы өнөктөштүктү кеңейтүүнү сунуштады.
«Бишкек+25» саммитине даярдыктын алкагында тараптар француз тараптын бул маанилүү глобалдык иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
