Жалал-Абад облусунда альтернативдик автожолдо мазут төгүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирилди
15 сентябрь

Жалал-Абад облусунда альтернативдик автожолдо мазут төгүлүп, айлана-чөйрөгө зыян келтирилди

2025-жылдын 7-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы түндүк–түштүк альтернативдик автожолундагы кырсык боюнча ыкчам чараларды көрдү.

Окуянын алдын-ала маалыматына ылайык, «Орис нефтеперерабатывающий завод» ЖЧКсына таандык мунай ташыган жүк ташуучу автоунаа Жалал-Абаддан Нарынды көздөй бараткан учурда Казарман автожолунун Көк-Арт тилкесинде жол кырсыгына кабылып, ташып бара жаткан 35 тонна мазут автожолго жана жол жээгине төгүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен айлана-чөйрөгө келтирилген зыян атайын эсептөөлөрдүн негизинде 577 536 (беш жүз жетимиш жети миң беш жүз отуз алты) сом өлчөмүндө бааланды. Мындан тышкары, экологиялык талаптарды бузганы үчүн жооптуу тарапка 65 000 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Учурда төгүлгөн мазутту чогултуу жана булганган аймакты тазалоо боюнча иштер уланууда.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана жүк ташуучу компанияларды коопсуздук эрежелерин катуу сактоого чакырат.